«Манас» аэропортунун мурдагы директору Бакыт Шаршеев Балыкчыга мэр болуп дайындалды

«Манас» эл аралык аэропортунда башкы директор болуп иштеп келген Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы шаар башчысын мэриянын жамаатына 15-июлда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева тааныштырды.

Шаршеев «Манас» эл аралык аэропортунда 30 жылдан ашык жетекчилик кызматты аркалап келгенин белгилеп, Балыкчыга мэр болуп дайындалышы ал үчүн күтүүсүз болгонун белгиледи.

«Жетишкендиктер жеке эле жетекчинин билермандыгы же көрөгөчтүгүнөн эмест, бул командалык иш, жамаат башчы менен биргеликте тил табышып, ой бөлүшүп иш алып барса жакшы ийгиликтерге жетээри белгилүү», — деди ал.

Буга чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп Аманат Сыдыков иштеп келген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кеткенин айткан. Алдын ала маалыматка ылайык, Сыдыковдун кызматтан кетүүсүнө анын туура эмес жүрүм-туруму себеп болгон. Шаар тургундары июнь айынын аягында калаа башчысы унаасын мас абалда айдап жүргөн болушу мүмкүн деп айтып чыгышкан.

Бакыт Шаршеев деген ким?

Бакыт Шаршеев.

Бакыт Шаршеев 52 жашта. Нарын облусуна караштуу Жерге-Тал айылында төрөлгөн. 1985-жылы Фрунзе политехникалык техникумунун гидротехник адистигин аяктап, 2005-жылы Нарын мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистигин бүтүргөн.

2013-2015-жылдары «Ата-Журт» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2021-2022-жылдары «Манас» эл аралык аэропортунда дироекторлук кызматты аркаласа, 2021-жылдын февраль айынан тартып аэропорттун башкы директору болуп иштеп келген.

Ага дейре Шаршеев бир катар мамлекеттик ишканаларда жана жоопкерчилиги чектелген коомдордо жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Шаршеев Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси жана Нарын шаарынын «Ардактуу жараны».