Бишкек: 14 жаштагы кыз көп кабатуу үйдүн 12-кабатынан кулап кетип каза болду

Бишкек шаарында 14 жаштагы кыз Жал кичи районундагы үйдүн 12-кабатынан кулап кетип каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: «Кактус Медиа».

Маалыматка ылайык, окуя 17-июлда түнкү саат 02:35 чамасында болгон. Шаар тургуну милициянын «102» кызматына көп кабаттуу үйдүн жанында кыздын сөөгү табылганын кабарлаган.

Жерине барган ыкчам-тергөө тобу өспүрүм кыз жеринде каза болгонун аныкташкан.

Ал эми «Кактус Медиа» басылмасынын маалыматына ылайык, кыз курбусунукуна конокко барып, терезеден кулап кеткен.

Бул факты райондук милициянын электрондук журналына катталып, тергөө иши башталды. Учурда өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында эки окуучу кыз Ош шаарындагы Аскар Шакиров көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан боюн таштаган. Алардын бири жеринде каза болуп, дагы бирөө ооруканага жеткирилген.

Милициянын маалыматына ылайык, кыздар Карл Маркс атындагы мектептин 7-классынын окуучулары болгон.

Тема боюнча:

«Достук» мейманканасында 7-кабаттан кулаган кыз каза болду