Баткен: Бакчанын кызматкери унаасы менен 6 баланы коюп кетти, бирөө оор абалда

Баткен облусунун Лейлек районундагы «Шумкар» бала бакчасынын кызматкери унаасы менен 6 жаш баланы коюп кетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 15-июлда болгон. Анда кызматкер унаасын бакчанын короосундагы көлөкө жерге коём деп ал жерде ойноп жаткан балдарды коюп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 жаштагы 5 бала, 5 жаштагы 1 бала жаракат алып, Кулунду айылдык ооруканасына жеткирилген. Алардын биринин абалы «оор» деп бааланып жатат.

Аталган факт боюнча Лейлек РИИБи «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Алгачкы тергөө иштеринде унаасы менен балдарды коюп кеткен кызматкердин айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды, ал эми унаа айып короого киргизилди.