Бишкектеги VEFA соода борборунда өрт чыкты

Бишкек шаарындагы Горький менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан VEFA соода борборунда өрт чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгышына аба желдеткич себеп болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, ӨКМге 19-июлда түшкү саат 13:20 чамасында маалымат түшкөн. Жерине барган куткаруучулар соода борбордун ичиндеги адамдарды коопсуз жайга чыгарышкан. Өрт 14:13 чамасында чектөөгө алынган. 

Өрттөн 20 чарчы метр чамалуу аянт күйгөнү белгилүү болду, учурда келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдын суммасы такталууда.

Бүгүн, 19-июлда, Ош шаарындагы Алишер Навои көчөсүндө жайгашкан үч кабаттуу имаратта ири өрт чыгып, 700 чарчы метр аянты күйүп кетти.

Маалыматка караганда, өрт чыкканы тууралуу саат 9:55те ӨКМге кабар келген. Саат 11:45 чамасында өрт толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча өрттөн жабыркагандар жок.