Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан имараттан ири өрт чыкты

Сүрөт: Бекболсун Кайыпов/Kloop

19-июлда Ош шаарындагы Алишер Навои көчөсүндө жайгашкан үч кабаттуу имараттан ири өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт чыкканы тууралуу саат 9:55те кабар келген. Учурда жеринде өрт өчүрүүчүлөр иш алып барып жатат.

Алдын ала маалымат боюнча өрттөн жабыркагандар жок.

Буга чейин, Ош шаарынын чок ортосунда жайгашкан Араван кичи районундагы Damak кафесинен ири өрт чыккан.

Тилсиз жоо кафенин жанындагы башка имараттарга да тутанган. Жалпысынан өрттөнгөн жердин аянты 300 чарчы метрди түзгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарындагы Grenki кафесинен ири өрт чыкты