«Калктын саламаттыгын жакшыртуу үчүн». Швейцария Кыргызстанга 400 млн сомдон ашык акча бөлөт

19-июлда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер менен жолукту. Алар «Жугуштуу эмес ооруулардын алдын алуу боюнча» долбоордун экинчи этабын макулдашууга кол коюшту.

Саламаттык министрлигинен аталган долбоор 2018-жылдан бери медициналык-санитардык жардам системасын «бекемдеп», калктын ден соолугун «чыңдап» келе жатканын белгилешти.

Бул долбоорду улантуу үчүн Швейцария өкмөтү Кыргызстанга 5 млн франктан ашык — болжол менен 400 млн сомдон ашык каражат бөлгөнү айтылды.

«Долбоор системалуу деңгээлде иштеп, түндүк аймактардагы бардык үй-бүлөлүк дарыгерлерди жана медайымдарды компьютердик жабдуулар менен камсыз кылуу аркылуу баштапкы саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдап жатканы бизди кубандырат. Бул саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүгө абдан чоң салым», — деп белгиледи министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков.

Долбоордун биринчи этабы түндүк аймакты камтыса, бул этапта төрт жыл бою Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ош, Бишкек шаарларында иш жүрөт.