Милиция мажбурлап никеге туруу үчүн 17 жаштагы кызды уурдоого шектелген кишини кармады

Свердлов РИИБнин басма сөз кызматынан «Клоопко» мажбурлап никеге тургузуу максатында 17 жаштагы кызды уурдаган шектүү кармалганын билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, бул факты боюнча «Мажбурлап никеге тургузуу максатында адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголду. 25 жаштагы шектүү жигит кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.

Милициядан тергөө уланып жатканын баса белгилешти.

Эмне болгон?

Бишкекте мажбурлап никеге тургузуу максатында 17 жаштагы кызды уурдап кетишкен. Бул тууралуу «Открытая линия» коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова айтып чыккан.

Ал уурдалган кыз окуя болгон күнү ооруп жатканын, дары алуу үчүн көчөгө чыгууга аргасыз болгонун айткан.

Дарыканага бараткан жолдо кыздын кошунасы унаа менен жеткирип коюуну сунуштаптыр дейт Бекназарова. Бирок кыз баш тарткандан кийин айдоочунун жанында бараткан жигит унаадан түшүп, кыздын оозун жаап, унаага мажбурлап салышкан.

«Дем ала албай калыптыр, бирок аларга бары бир да, “үйлөнгөнү” жатышпайбы. Уурдаган жигиттин үйүнө келгенден кийин, кыздын турмушка чыгуудан баш тартып жатканын уккан жигиттин апасы “Менин уулумдан кантип баш тартасың?” деп башка-көзгө чапкылаптыр», — дейт Бекназарова.

Анын айтымында, кыз уурдагандардын үйүнөн качып чыккан, бирок өзүнүн үйүндө аны кабыл албай коюшкан.

«Кыз жардам сурап, милиция келген учурда, өз үйүндө да ал керек эмес экен, “сен ажырашкансың, ким сага милицияга чал деп айтты?” деген сөздөр айтылыптыр. Кыз колдоо табам деген үмүттө эжесинин үйүнө барыптыр. Бирок эки күндөн кийин эжеси күйөөсүнүн “биздин үйдө мындайларга орун жок” деген сөзүн жеткириптир. Эжеси мындан ары үйүндө жашоого уруксат бере албасын айтып актаныптыр. Кыз азыр коопсуз жайда, бирок күнүгө кара машина, караңгылатылган айнектер, оозун тумчуктуруп турган колдон улам аба жетпей жатканы тууралуу коркунучтуу түш көрүп жатканын айтып жатат», — деп жазды Бекназарова.

Коомдук фонддун жетекчиси кыз жумуш издеп жатканын баса белгиледи. Бир аз убакыт чачтарач болуп иштеп көргөн экен, азыр атайын шаймандарга муктаж дейт ал.

«Биз керектүү буюмдардын тизмесин түзүп чыктык: чач үтүк, фен, плойка, гофре, ири гофре, пеньюар, фартук, чач боёктор, баёк үчүн чыны, брашинг, шампунь, бальзам, сүлгү, кайчы, пульверизатор. Ким кызга жардам берүүнү кааласа төмөнкү номер аркылуу акча которсо болот: megapay эсеби +996555654803», — деп чакырды Бекназарова.

Кыздарды жана аялдарды уурдоо

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылы аялды уурдап, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 560 факты катталган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул кылмыш иштери Жазык кодексинин төрт беренеси менен катталган — «Никеге туруу максатында ала качуу», «Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо», «Адамды никеге турууга мажбурлоо», «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу».

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жете бербейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай келет. Агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.

2021-жылы маркум Айзада Канатбекованын тагдыры аянычтуу аяктаган. Айзаданы Замирбек Теңизбаев аттуу жаран уурдап качып, зордуктап, кызды өлтүрүп, кийин өзүнүн да жанын кыйган. Окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан, Теңизбаевге кызды уурдоого жардам бергендер реалдуу жазасын алып, эркинен ажыратылышкан. Бирок кыздын өлүмүнүн алдын албаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын алышкан жок.

Буга чейин ушундай эле окуя болгон, 2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы милиция бөлүмүнөн каза тапкан. Шектүү кызды зордоп никеге тургузуу максатында уурдаган, бирок алар кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кызга бычак сайып өлтүргөн жана өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.

Дагы окуңуз:

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты

«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!