Венгер компаниясы Кыргызстанда чакан ГЭСтерди долбоорлойт

Экономика жана коммерция министрлиги Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана A-Hid венгриялык компаниясы менен Кыргызстандагы кичи гидроэлектр станцияларды долбоорлоо маселеси боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу 19-июлда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Келишимдин алкагында алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени жана чакан энергетика объектилеринин өздөрүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин андан ары иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн кыйла ыңгайлуу участокторду тандоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт.Ошондой эле алар Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен, кичи ГЭС тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселесин да карашат.

Макулдашууга кол коюу аземи. Сүрөт: минкабдын сайты.

«Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана куруу – министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берген гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

A-Hid компаниясынын сайтындагы маалыматка ылайык, компания көпүрө, автожол, темир жол, коомдук транспорт курулмалары сыяктуу объектилерди долбоорлоо менен алектенет.

Үстүбүздөгү жылы 31-мартта энергетика министри Доскул Бекмурзаев Энергетика министрлиги өлкө боюнча шамал, күндүн электр станцияларын жана кичи ГЭСтерди куруу боюнча 90 компанияга сертификат берилгенини билдирген. Анын айтымында электр станциялардын жалпы кубаттуулугу 3 726 МВты түзөт.

Азыр Кыргызстанда кубаттуулугу жалпы 54 мегаватты түзгөн 19 кичи ГЭС бар. Министрлер кабинети кичи ГЭСтердин курулушу жакынкы үч жылда өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштыкты чечет деп күтүүдө. Ал эми эксперттер Кыргызстандагы электр энергиясынын тартыштыгын чечүү үчүн ири ГЭСтерди куруу керек деп айтышууда.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт