«Дастан» заводу 300 ИВЛ аппаратын өндүрүүчүгө кайтарып берип, карызынан кутулат

«Дастан» заводу орусиялык «Электронинторг» компаниясына 300 жасалма дем алдыруучу аппаратты (ИВЛ) кайтарып берет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында ишкананын мурдагы жетекчиси, учурдагы санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.

Анын айтымында, ушундай жол менен завод орусиялык компаниянын алдындагы карызынан кутулат.

«Биз бүгүнкү күнгө чейин ИВЛ аппараттарды өткөрүп бере алган жокпуз, анткени 2020-жылы өтө маанилүү медициналык буюмдарды алып чыгууга тыюу салуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Эми бул аппараттар өндүрүүчүгө кайтарылырып берилет. Бул буюмдар насыяга алынган жана ал үчүн эч ким төлөгөн эмес», — деп айтты Иманов.

ИВЛ сатып алуу

Буга чейин «Клооптун» журналисттери пандемия убагында сатып алынып, кампада сакталып жаткан ошол 300 ИВЛ аппараты тууралуу иликтөө чыгарышкан.

Журналисттер 2020-жылдын жай мезгилинде, «ТНК “Дастан”» мамлекеттик заводунун кампасына Орусиядан 300 жаңы ИВЛ аппарат алып келинип, алар ооруканаларга таркатылбай эеле кампада чаңдап жатканын, ал арада бейтаптар аппараттардын жетишсиздигинен көз жумганын аныкташкан.

Саламаттык сактоо министрлиги аларды балансына алуудан баш тарткан. себеби аппараттарды ооруканаларга берүү үчүн 292 млн сом (269 млн рубль) төлөш керек болчу. Журналисттер ИВЛ аппараттарын сатып алууга катышкан көптөгөн ортомчуларды, алардын айынан аппараттардын баасы эселеп өсүп кеткенин дагы аныкташкан.

Парламенттин май айындагы жыйынында «Дастан» заводунун башкармалыгынын төрагасы Эрик Апышев, апараттардын сапаты начар болгондуктан 2020-жылы эле кайтарып берүү чечими кабыл алынганын айткан. Бирок медициналык жабдууларды чыгарууга тыюу салган өкмөттүн токтомуна байланыштуу ишке ашпай калган. Апышев кийин компания товарды кайра алуудан баш тартып, баасын да арзандатпай койгонун билдирген.

Ошол эле жыйында УКМК «Дастан» заводу кымбат баада сатып алган жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппараттар боюнча тергөө жүргүзүп баштаганы белгилүү болгон.

8-июлда «Электронинторгдун» юристти Евгения Руденко Kaktus Media’га маек куруп, анда 2020-жылдын жайында Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы күчөп турганда сатылып алынган ИВЛ аппараттарынын акчасын кайтарбай жатканына байланыштуу орусиялык компания «Дастанды» банкротко отургузуу процессин демилгелей турганын билдирген.

15-июлда «Дастан» заводунан «Электронинторгдун» билдирүүсү «негизсиз» деп жооп берип, аны «ТНК “Дастан” ААКга кысым көрсөтүү» катары баалаган.