Липосакциядан кийин каза болгон аялдын иши боюнча хирург камакка алынды

Свердлов райондук соту жеке менчик клиниканын хирургун ТИЗО-1ге бир айга камакка алды. Бул тууралуу «Клооптун» редакциясына Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Хирургга «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» жана «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренелери менен айып тагылганы айтылды.

Буга чейин ЖМКда 40 жаштагы Айдай аттуу аял Art clinic менчик клиникасында жасалган липосакциядан кийин оор абалда Улуттук госпиталга келип түшүп, кийин ооруканада каза тапканын жазышкан.

Улуттук госпиталдан болсо Kaktus Media басылмасынын журналисттерине аял 14-июнда оор абалда келип түшкөнүн айтышкан. Ошол учурда Айдай комага түшүп калган. Анын организми катуу ууланган абалда болгон жана кийин бардык органдары жарактан чыккан. Дарыгерлердин аракетине карабай Айдай бир нече күндөн кийин көз жумган.

Бул материал жарык көрөрдө жеке менчик клиниканын дарыгерлеринен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан «Клоопко» учурда бул ишти укук коргоо органдары териштирип жатканын билдиришти. Тергөө аяктагандан кийин кошумча маалымат берилери айтылды.

Буга чейин милициядан бул факты боюнча экспертиза дайындалганын билдиришкен.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.