Жазуучу Олжобай Шакир соцтүйүндөрдө «Ташиев кетсин» деген флешмоб баштады

Публицист, жарандык активист Олжобай Шакир «Ташиев кетсин» деген флешмоб баштады. Бул тууралуу билдирүүнү ал 20-июль күнү социалдык баракчасына жарыялады.

Олжобай Шакир мындай флешмобду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин революция кылуу максатында митингге чыккандардын «күлүн асманга сапырабыз» деген билдирүүсүнөн кийин баштаган.

Өз чакырыгында жазуучу Ташиев менен анын «саясий үзөңгүлөш досунунун» ишин сынга алып, бийликке татыктуу саясатчы келбей жатканын айтты.

«Ким кимдин күлүн асманга сапырат экен? Ташиев оозуна келгенди оттобосун! Андай зөөкүрдүн далайын көргөн кыргыз! А эгер дагы бир төңкөрүш болуп кетер болсо, эки досту эл Ак үйдүн 7-этажына чыгат да желкеден алып ыргытат. Төртүнчү төңкөрүш эки доско эле керектир мүмкүн. А элге эч бир революциянын да, төңкөрүштүн да кереги жок. Себеби кайра эле бандиттер, зөөкүрлөр бийликке келери анык», — деп жазды ал.

Ошондой эле публицист УКМК төрагасынын ишине канааттанбагандарды социалдык тармак аркылуу «Ташиев кетсин» деген талап менен флешмобго катышууга чакырды.

«Кыргызстан эли эки зөөкүрдүн барымтасына, репрессиясына чыдабайт! Эркиндик сезими канында ойногон элибиздин рухун сындыра албайт мындай кем акылдар. Экөөнүн эрди-катындай тытышкан "достук" мамилеси мамлекеттүүлүктү кыйрата электе, Ташиев кызматтан токтоосуз кетиши керек. Агер ал элди опузалаганын токтотпосо, анык революция кандай болорун эл ага тез эле көрсөтүп коёт», — деди Олжобай Шакир.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Кыргызстанда күзүндө революция болбой турганын, анткени бийликтин жасаган иштеринде эч кандай төңкөрүшкө негиз жок экенин билдирген.

Ташиевдин айтымында, учурдагы бийлик мамлекеттин өнүгүшүнө керектүү бардык иш-чараларды көрүүдө. Мисалы, маморгандардагы коррупция менен күрөшүп, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын жана пенсияларды жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат.

«Анан эмнеге революция болуш керек. Мен мурда да эскерткем, азыр да эскертип коеюн. Кимде ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, күлүн асманга сапырып жиберебиз. Биздин милдет — артынан беш киши ээрчибеген сасык саясатчылардын эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги көпчүлүк элдин кызыкчылыгын сактап калыш», — деген Ташиев.

УКМКнын төрагасынын интервьюсу 17-июлда айрым оппозициячыл саясатчылар Талас облусунун тургундары менен жолугушуу өткөргөндөн кийин жарык көрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында саясатчылар «учурдагы бийлик өлкөдөгү олуттуу социалдык-экономикалык, билим берүү жана медициналык кризис сыяктуу көйгөйлөрдү чече алган жок» деп белгиленген резолюцияны кабыл алышкан.

Ошол эле учурда, оппозициячылар «эгер бийлик ушул жана башка маанилүү мамлекеттик маселелерди чечүүгө жана чогуу талкуулоого макул болсо, бийлик менен диалогго барууга даяр экенин» белгилешкен.

Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы октябрь окуяларынын жыйынтыгында өлкөдө бийлик алмашкандан кийин УКМКнын төрагасы болгон.

Анда көптөгөн мыйзам бузуулар менен парламенттик шайлоо массалык нааразычылыктын себептеринин бири болгон. Нааразычылык күч кызматкерлери менен кагылышууга, Ак үйдү басып алууга жана ТИЗОдогу бир катар саясатчыларды бошотууга алып келген. Митингге чыккандар учурдагы президент Садыр Жапаровду да колониядан бошотушкан.