Активист Айжан Мырсанга «Улут аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголду

Активист Айжан Мырсан (Айжан Мырсалиева) Фейсбук барагына ага карата «Улут аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун жазып чыкты.

Анын айтымында, 22-июлда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы активистти суракка чакырган. Бирок, ал райондук милициядан официалдуу түрдө чакыруу кагазын албаганын белгилейт.

Айжан Мырсан «Клоопко» милиция соцтүйүндө тарап жаткан видеонун кыска үзүндүсү үчүн суракка чакырды деп түшүндүрдү.

«Мен түз эфир жасаган элем. Ошол жердеги контексттен кыска мүнөттүк видео кесип алып, Тик-Ток менен Инстаграмга жарыялашкан экен. Ал жерде мен улуттар аралык кастыкты козутуп, чакырып жасаган имишмин. Бирок андай эмес. Албетте, мен макул эмесмин», — деди ал.

Айжан Мырсан өзүнө карата иш козголгонун «буйрутма» деп атады.

Анын айтымында, анын үстүнөн арызданып эч ким милицияга кайрылган эмес. Видеону болсо ал тааныбаган эле киши таратып жиберген.

Активистке карата «Улут аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун Октябрь РИИБи да тастыктады.

Милициянын маалыматына ылайык, интернеттеги мониторингдин алкагында быйыл 16-мартта Тик-Токто @rinat_usupbaev деген аккаунтта Айжан Мырсандын видеосу жарыяланганы белгилүү болгон.

Райондук милиция активисттин сөзүндө «улут аралык кастыкты козутуу болгон жана видео социалдык тармактарга кызуу талкууга алынып, чыр-чатакка алып келиши мүмкүн» деп эсептейт.

Соцтүйүндө Айжана Мырсан деген ат менен белгилүү жарандык активист Айжан Мырсалиева Фейсбуктагы барагы аркылуу бийликти сындап келет.

Буга чейин бийликке сын айткан айрым активисттерге жана журналисттерге кылмыш иштери козголуп, айрым саясатчылар камакка алынган.

Ошондой эле, акыркы учурда көз карандысыз журналисттерге басым күч алды. Активисттердин, журналисттердин, оппозициячыл саясатчылардын аброюна шек келтирген, жеке жашоосунун купуялуулугун бузган сүрөт-видео материалдар соцтармактарга тараган.

Мындан сырткары президент Садыр Жапаровдун тарапташтары ага сын айткан адамдарды соцтармактардан ар дайым кодулап, куугунтуктап келишет.