Бишкекте жасалма доллар сатып жаткан чет элдик жаран кармалды

Бишкек шаарынын аймагында 3 800 жасалма АКШ долларын сатып жаткан Азербайжандын М.Ш.Г. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 22-июлда билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандын убактылуу жашаган жерин тинтүү учурунда 17 400 жасалма АКШ доллары табылды.

Кармалган шектүү. Сүрөт: УКМК

Милиция кызматкерлери шектүүнү УКМКнын ТИЗОсуна киргизди. Азыркы тапта кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Улуттук банк Кыргызстанда накталай АКШ доллары тартыш экенин, мындан улам калктын чет элдик валютага болгон талабы толук аткарылбай жатканын билдирген.

Банк чет элдик валютанын жетишсиздигин чет жактагы жеке жана юридикалык жактардын спекуляциясы деп түшүндүргөн. Алардын айтымына, Орусияда 1-марттан баштап, өлкөдөн накталай доллар алып чыгууга чектөө коюлганын — бир адам 10 миң доллардан ашык алып чыга албайт.

Кызыл кулактык менен күрөшүү үчүн Улуттук банк айрым чектөөлөрдү киргизген — 18-апрелден тарта кыргыз банктары эл аралык акча которууларды кайсыл өлкөнүн валютасы менен которулган болсо, ошол валютада же сом менен гана берет.

Эл өкүлдөрү бул чектөөлөр кыргызстандык ишкерлерге терс таасирин тийгизгенин айтышууда.

Дагы окуңуз:

Валюта тартыштыгы. Бишкекте накталай доллар жана еврону кайдан сатып алса болот?