«Кызды бычак менен коркуткан». Бостериде чыр салган кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө Бостери айылындагы эс алуучу жайда иштеген кызды «бычак менен коркутуп, чыр салган» деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июлда эс алуучу жайлардын биринде иштеген кыз үч кишиге чара көрүүнү суранып милицияга арыз менен кайралган. Кыз таңкы саат 05.30 чамасында алар иштеткен барга үч киши келип, бычак менен коркутканын белгилеген.

«Алар оозга алгыс сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүп, бычак менен коркутушуп, андан кийин ар кандай ичимдиктерди ичишип, бардын буюмдарын жана идиш-аяктарын сындырып кетишти», — деп жазган жабырлануучу.

Милиция бул боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен иш козгоп, 21, 27 жана 28 жаштагы үч кишини кармаган. Алардын жергиликтүү милицияда УКТ мүчөсү катары катоодо турганы аныкталган. Азыркы тапта шектүүлөр облустук милициянын убактылуу кармоочу жайында.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Ысык-Көл облусунунун Балыкчы шаарында эки адамды бычактоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалган.

Факты боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши ачылган. Жабырлануучулардын ден соолугуна келтирилген залалды аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тема боюнча:

УКМК адам уурдоо жана акча опузалоого шектеп уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсүн кармады

Ысык-Көл: Эки адамды бычактоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды