Ош: Кара-Суу районунун 28 жаштагы тургуну адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

22-июлда Ош шаарында 28 жаштагы киши адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 21-июлдан 22-июлга караган түнү саат 2:00 чамасында Исанов көчөсүндө болгон. Дарыгерлер милициянын 102 кызматына 30дардагы киши учтуу нерседен жаркат алып каза болгону тууралуу кабарлашкан.

Милиция кызматкерлери шектүү катары Кара-Суу районунун 28 жаштагы тургунун кармашкан.

Бул факты «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуянын чоо-жайын аныктоо максатында милиция шектүүнү суракка алып жатат.

Буга чейин, 17-июнда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын 44 жаштагы тургуну адам өлтүрүүгө шектелип кармалган.

Тергөөнүн учурунда шектүү маркум менен спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетип, башын таш менен жарып салганы аныкталган. Шектүү эки айга камакка алынган.