«Ата конушуна бардык». Жапаров досу Камчыбек Ташиев менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады

24-июлда президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасына досу, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен түшкөн ондогон сүрөтүн жарыялады.

Жапаров сүрөттөрдүн алдына Ташиев менен бирге «ата конушу», Түп районуна караштуу Кең-Суу айылына барып, «куран окуп кайтышканын» жазды.

Кечээ, 23-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаров менен Каркыра жайлоосунда түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган болчу.

Алар жайлоого чыгаан жазуучу, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына жана Кыргыз ССРнин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына арналган иш-чарага катышуу үчүн барышкан.

Жапаров менен Ташиевдин көп жылдык достук мамилеси бар. Экөө биргеликте «Ата-Журт» жана «Мекенчил» партияларын негиздешкен.

Бир жыл мурда суу жээгинде

Сүрөт: Өткүрбек Рахманов.

Өткөн жылдын 25-июлунда Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев табият койнунда кучакташып сүрөткө түшүшкөн.

Сүрөттөрдү Ташиевге таандык «Регион» телеканалынын башкы директору Өткүрбек Рахманов Жапаров менен Ташиевдун суу жээгиндеги сүрөтүн жарыялаган. Ал сүрөттүн алдына «Ырыс алды — ынтымак» деп жазган.

Ал учурда ЖМКда Жапаров менен Ташиевдин ортосунда пикир келишпестик жаралганы тууралуу маалымат тараган. Андан тышкары, мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев президент менен УКМК төрагасы бийлик бөлүшө албай жатат деп айтып чыккан.

Токтогазиев Жапаров менен Ташиев сүйлөшүп бирөөсү саясаттан кетиши керек, болбосо «эки дос, эки дөөгө айланып» Кыргызстандагы башкаруу системасын толугу менен жок кылышы мүмкүн деп жазган.

Тема боюнча:

Бир кадр менен: Жапаров менен Ташиев суу жээгинде сүрөткө түштү

Кымбаттуу досум: Ташиевдин кучакташып түшкөн сүрөттөрүнүн чакан альбому