ССМ: 30-июлда Кыргызстанга инсулиндин ири партиясы келип түшөт

30-июлда Кыргызстанга инсулиндин ири партясы келип түшөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбаев айтты.

Касымбеков өлкөнүн аймактары жылдын аягына чейин керектүү сандагы инсулин менен камсыз болорун билдирди.

«Мына инсулин дагы билесиздер өткөн жылы ушундай болду [келбей калды]. Жылдын ортосунда, азыр эми кудайга шүгүр ырааттап, ирээттеп алдык. Азыр гумжардам боюнча келгендер жеткирилген», — деди Касымбеков.

1-июлда Кыргызстанга Протафан жана Актрапид инсулининин чакан гуманитардык партиясы келген. Саламаттык сактоо министрлигин башкы экдокринологу Наталья Добрынина инсулиндин партиясы Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунан келгенин айткан.

«Азыр партия анчалык чоң эмес, бирок июлда дагы жаңы партияларды күтүп жатабыз. Ошондуктан мындан ары чоң үзгүлтүк болбойт деп ойлойбуз», — деген ал.

Буга чейин кант диабети менен ооругандар өлкөдө инсулин тартыш болуп жатканын айтып датанышкан.

Аталган маселе парламентте да көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешев минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдон дарыканалар менен сүйлөшүп, кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин алып келүүнү суранган.

«Инсулин сатып алууда “кант диабети жөнүндөгү” мыйзамды аткаруу керек, анда мамлекеттик резервде инсулиндин алты айлык запасы болушу керек. Тилекке каршы мыйзамдын бул нормасы аткарылбайт. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигине жарым жылдык запасты кармап туруу тапшырмасын берүүңүздү өтүнөм» , — деген ал.

Кыргызстанда 2020-жылдын 1-январына карата кант диабети менен ооруган 62 878 бейтап катталган. Алардын ичинен биринчи типтегилердин саны 2499 адамды түзөт. Ооругандардын саны жылдан жылга өсүп жатат.

Тема боюнча: Аары эне. Ишкер айым Бишкекте диабет менен ооруган балдар үчүн биринчи бала бакча ачты