«Жүк ташуучу унаа чубалгыны илип кеткен». Кантта электр мамысында иштеп жаткан киши каза тапты

Кантта эркек киши электр мамысынан кулап түшүп каза тапты. Чүй ОИИБден «Клоопко» кырсыкка анын жанынан өтүп бараткан жүк ташуучу унаа себеп болгонун билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 23-июлда катталган. Киши тез татым жайына электр энергиясын өткөрүү үчүн чубалгынын бир учун белине байлап алып, электр мамысына чыккан.

Бирок ошол учурда жолдон өтүп бараткан жүк ташуучу унаа чубалгынын экинчи учун илип кетип, мамыдагы кишини сүйрөп түшкөн.

Милициядан киши алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгонун белгилешти.

Учурда жүк ташуучу унаа айып короого токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.