«Ал иштебеген сауна экен». Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдөгү эс алуусу боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев өзүнүн Ысык-Көлдө пирстеги жыгач курулмадан чыгып келаткан видеосу боюнча комментарий берди. Кыргызстандыктарга кайрылуусун эл өкүлү Фейсбук барагына жарыялады.

Түлөбаевдин видеосу соцтүйүндөрдө 25-июлда тарап, адамдардын сынын жаадырган. Интернет колдонуучулары депутат көл жээгинде саунага кирип чыккан деп болжошкон. Кыжырданууга 2018-жылы көл жээгиндеги мончолорго тыюу салынганы себеп болгон.

Анда прокуратура Ысык-Көлдүн пирстериндеги мончолор жана буу бөлмөлөрү алынганын кабарлашкан.

Эл өкүлү видео тартылган убакта фракциядагы коллегалары менен Costa Brava пансионатында жүргөнүн айтты. Анын айтымында, ал жакка бир нече маселени талкуулоо үчүн барышкан. Андан кийин «эл менен чогуу» сууга түшүүнү чечишкен.

«Ал кичинекей эле жер, мурунку сауна экен. Анан ал жерге биз суу коюп койдук, чечинип тигил жакка барып-келбей деп. Анан сүлгүлөрдү коюп, ичине кирип, эми кичине жылытып коюптур, кичине жылынып… Эми көлгө түшүүнүн да адеби бар, биз көлдүктөр булгабайбыз көлдү. Көлгө түшөрдөн мурун татынакай барып душка түшүп, жуунуп келип, [...] ар бир түшкөн сайын арчынып кайра киребиз. Биз көлдүктөр ошондойбуз. Элдин баарын өзүңөрдөй ойлобогула, “кирин эзип атыптыр, мончого түшүп атыптыр”, … ал саунада мончо эмес ал. Ал жерге ичине чай коюп коюп, суу коюп коюп, улам көлгө түшкөн сайын кирип, эми кичине жылытып коюптур аны, ал иштебеген сауна экен», — деп белгиледи депутат.