«Баарын кечирдим». Аквапаркта чөгүп каза тапкан Атайдын апасы күнөөлүүлөр менен соттошпойт

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда Ала-Тоо аквапаркында чөгүп кеткен 3-класстагы окуучунун апасы Асел Азыкова уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн баарын кечиргенин билдирди. Бул тууралуу ал Super TV порталына курган маегинде айтты.

«Аквапарктын администрация келип куран окутуп кетишти. Эч кандай кыйкырып же урушкан жокмун. Анткени балама деп бата алып келип жаткан адамдар менен мен жаман-жакшы айтышкандан эмне пайда, бала келбейт да баары бир. Башка бардык адамдар менен сүйлөшсөм дагы ошол мектеп директору менен сүйлөшө албай койдум. Себеби кантип ошончо адам мектеп директорунун алдында турса [көрбөй калсын]? Ошончо баланын жашоосуна жоопкерчиликтүү адам көз алдында эле ошентип жатса, анда ал кандай директор? Ал эмне жумуш кылат ал жакта? Директорду деле кечирдим. Баарын кечирдим», — дейт Атайдын апасы.

Азыкова эч ким менен соттошпоону чечкенин билдирди.

«Бир жылдан бери тирүү баланы көргүсү келип, тирүү баланы сагынып, бир көргөнгө зар болуп, кучактап жашаган кандай экенин билем да. Ошончо адамдын энелери бар, балдары бар. Мага окшоп дагы бир эне баласын күтүп, же бир Атайга окшогон эле балдар ата-энесин күткөнүн каалаган жокмун. Мен миң сотту утуп, адамдар менен миң жолу соттошуп бүтсөм дагы мен баары бир утулуп калгам. Чындыкты изде дешет, чындык бир эле — Атай жок, келбейт [кайра]. Жети күн уктабай, жети күн тамак ичпей отурдум. Баламдын арбагы үчүн, Кудай үчүн, өзүмдүн андан аркы тынч жашоом үчүн жазалоо темасын жаптым», — деди ал.

Асел баарынан да апасына, Атайын тайенесине кыйын болгонун айтат.

«12-июлда Атайдын туулган күнү болду. 10 жашка чыкты да. Ошол күн аябай оор болду. 26-майда тирүү баламды кучактап, туулган күнүң менен балам деп, 12-июлда болсо өлгөн баламдын туулган күнү, дагы жалгыз өткөрдүм да. [...] Таенесине ээң оор, эң кыйын болуп жатат. Таенесине өтө эле кыйын болбосун деп мага күчтүү болгонго туура келип жатат. Апа, баары жакшы болот, Атай бейиште, баягы бала ата-энем кирмейинче [бейишке] кирбейм дейт турбайбы, анан апама “Апа, аябай мээримиңиз түштү, сизди аябай жакшы көрчү, бейиште мени эмес, сизди тандап кетет го” деп тамашалап сооротуп калам. Мен азыр күчтөнүп, Атай тууралуу күлүп, эстеп айтып бере алам да. Апам болсо анте албай жатат да. Ыйлап, ызаланып, аябай жаман болуп жатат. Азыр кээде апам чай дайындап калса да эки чөйчөк [бирөө Атайга] дайындап алып жатат», — деп жашыды Асел.

Азыкова баласынын кээ бир мүнөздөрү тууралуу дагы айтып берди.

«Балам тамакты аябай шашып жечү. Эч качан уялып, тартынчу эмес. Тамакты аябай жакшы көрчү, өзү томпойгон бала болчу. Улам эле тамак жегип жатат дей берчү. [...] Балам кышында дзюдого барды, мен алып кеткени барам да, балдардын баары залда машыгып жатса менин балам кимонону кийип алып самсы жеп, суу ичип отурчу. [...] Каякка гана барбайын сүрөтүн сала жүрөм. Ошондой мага Атай жанымда жүргөндөй сезилет. Сүйлөшөм, Атай, мындай кылып атам, эгер мен туура эмес кылып атсам балам түшүмө кирчи», — дейт эне Атайды эстеп жүрөрүн айтып.

Атайдын өлүмү

Атай 6-июнда «Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен. Ал № 95 мектептин 3-классынын окуучусу болчу. Ал күнү бала классы менен бирге аквапаркка жөнөгөн, ал эми ата-энелерди балдарга куткаруучулар менен эки чоң киши көз салат деп айтып ишендиришкен.

Баланын өлүмүнө байланыштуу «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренелеринин негизинде эки кылмыш иши козголгон. Окуучунун өлүмүнөн кийин эки күндөн соң мэрия аквапаркка барууну уюштурууга жооптуу алты мугалим жана окуу бөлүмүнөн башчысы жумуштан бошотулганын билдирген. Ал эми 10-июнда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында мектептин директорун кызматтан алуу чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары, 11-июнда аквапарктын куткаруучусу кармалып ТИЗОго киргизилген.