Аквапарктагы окуучунун өлүмү: Башпрокуратура кылмыш ишин козгоду, куткаруучу кармалды

Башкы прокуратура тергөө амалдары уланарын жана «Ала-Тоо» эс алуу борборунун жетекчилигине да юридикалык баа берилерин кошумчалады.

Аквапаркка чөгүп каза тапкан 9 жаштагы Атай

6-июнда № 95 мектептин 3-классынын окуучусу Атай Аскат уулу «Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен. Ошол эле күнү Октябрь РИИБи окуянын себептерин иликтей баштаган. Ал эми мэрияда «мектептин жоопкерчилигин кароо боюнча» комиссия түзүлгөн.

Эртеси күнү, 7-июнда, каза тапкан окуучунун апасы окуянын айрым чоо-жайын айтып берген. Анын айтымында, окуучулар аквапаркка барардын алдында, балдарга куткаруучулар менен эки чоң киши көз салып карап турарын айтышкан. Ал тез жардам дароо чакырылбаганын да билдирген.

«Бизди, ата-энелердин баарын ал жерде куткаруучулар болот деп ишендиришкен да. Уулумдун өлүмү үчүн эми ким жооп берет? Бир айдан кийин, 12-июльда, 10 жашка чыкмак», — деп жазган баланын энеси.

Ошол эле күнү Октябрь РИИБи «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренелеринин негизинде эки кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Эки күндөн кийин, 9-июнда, мэрия аквапаркта эс алууну уюштурган мектептин алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн эки башчысы иштен алынганын кабарлаган. Чечим буга чейин түзүлгөн комиссия тарабынан кабыл алынган.

Ал эми эртеси күнү, 10-июнда, Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча жыйынында «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза тапкан бала окуган №95 мектептин директору Айгүл Шимова кызматтан алынары белгилүү болгон. Депутат Жаныбек Асанбеков директорду кызматынан алып, бошотулган мугалимдерди жумушка кайтаруу керектигин, башка депутат Элизавета Алымбаева балдардын эс алуусуна керектелгенден да көп акча чогултулганын билдирген.

«Көрсө ар бир баладан 750 сомдон алыныптыр. Бул ири сумма. Ошол күнү аквапаркта арзандатуу болгон экен — 250 сомдон. Калган акчаны [мугалимдер] сиз менен бөлүп алышса керек. Болбосо акча кайда кетмек?» — деп сураган ал.

Ошол эле күнү баласынан айрылган аялга майыптыгына байланыштуу адвокаттын жардамы керектелелип жатканы белгилүү болгон. Бул тууралуу «Балдарды коргоо лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова айтып чыккан.