Аквапарктагы окуучунун өлүмү. Мектептин директору иштен алынды

«Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза тапкан бала окуган №95 мектептин директору кызматынан алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, директор Айгүл Шимова Эмгек кодексинин «уюмдун жетекчиси эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузгандыгы» беренеси боюнча кызматынан алынды.

Мындан тышкары, окуу-тарбия иштерине тийиштүү көзөмөл болбогондугу жана мектептин иш тартибин бузганы үчүн педагогдорго жана мектеп администрациясына тартиптик жоопкерчилик жүктөлгөн.

«Азыркы учурда, берилген арыздардын негизинде, жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча 6 мугалим, директордун 2 орун басары ээлеген кызматтарынан бошотулган», — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Басма сөз кызматтан каза тапкан баланын үй-бүлөсүнө мэрия тараптан социалдык кызматкер дагы аныкталганын белгилешти. Мындан тышкары, маркумдун апасы юридикалык жардам жана транспорт менен камсыздалат. Ага тийиштүү документтерди жол-жоболоштурууга дагы жардам берилет.

Буга чейин аквапаркта сууга чөгүп каза болгон үчүнчү класстын окуучусунун апасынын майыптыгы бар болгону үчүн адвокаттын жардамы керектиги белгилүү болгон.

Мэрия укук коргоо кызматкерлери тарабынан бул иш боюнча тергөө аяктагашы менен тиешелүү адамдардын кылмыш жоопкерчилиги боюнча толук маалымат берилерин баса белгиледи.

Муниципалитеттен тергөөгө толук кандуу көмөк көрсөтүшөрүн кошумчалашты.

Аквапаркка чөгүп каза тапкан 9 жаштагы Атай

6-июнда № 95 мектептин 3-классынын окуучусу Атай Аскат уулу «Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен. Ошол эле күнү Октябрь РИИБи окуянын себептерин иликтей баштаган. Ал эми мэрияда «мектептин жоопкерчилигин кароо боюнча» комиссия түзүлгөн.

Эртеси күнү, 7-июнда, каза тапкан окуучунун апасы окуянын айрым чоо-жайын айтып берген. Анын айтымында, окуучулар аквапаркка барардын алдында, балдарга куткаруучулар менен эки чоң киши көз салып карап турарын айтышкан. Ал тез жардам дароо чакырылбаганын да билдирген.

«Бизди, ата-энелердин баарын ал жерде куткаруучулар болот деп ишендиришкен да. Уулумдун өлүмү үчүн эми ким жооп берет? Бир айдан кийин, 12-июлда, 10 жашка чыкмак», — деп жазган баланын энеси.

Ошол эле күнү Октябрь РИИБи «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренелеринин негизинде эки кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Эки күндөн кийин, 9-июнда, мэрия аквапаркта эс алууну уюштурган мектептин алты мугалими менен окуу бөлүмүнүн эки башчысы иштен алынганын кабарлаган.

Чечим буга чейин түзүлгөн комиссия тарабынан кабыл алынган.

Ал эми эртеси күнү, 10-июнда, Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча жыйынында «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп каза тапкан бала окуган №95 мектептин директору Айгүл Шимова кызматтан алынары белгилүү болгон. Шаардык кеңештин депутаты Элизавета Алымбаева балдардын эс алуусуна керектелгенден дагы көп акча чогултулганын билдирген.

«Көрсө ар бир баладан 750 сомдон алыныптыр. Бул ири сумма. Ошол күнү аквапаркта арзандатуу болгон экен — 250 сомдон. Калган акчаны [мугалимдер] сиз менен бөлүп алышса керек. Болбосо акча кайда кетмек?» — деп сураган ал.

Кийин милиция «Ала-Тоо» аквапаркындагы баланын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренелеринин негизинде эки кылмыш иши козголгонун билдирген. Мындан тышкары, 11-июнда аквапарктын куткаруучусу кармалып ТИЗОго киргизилген.

Башкы прокуратура тергөө амалдары уланарын жана «Ала-Тоо» эс алуу борборунун жетекчилигине юридикалык баа берилерин айтууда.

Тема боюнча окуңуз: Ысык-Көлдө 18 жаштагы бала аквапаркта каза тапты, аны суу соруучу насостун түтүкчөсү соруп кеткен

Аквапаркта каза тапканын окуучунун апасынын майыптыгы бар, ал адвокатка муктаж