Күйөөсүнүн макулдугу жок бейтаптын жатынын алып салуудан баш тарткан хирург ишин улантат

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) ректору Индира Кудайбергенова бейтаптын жатынын күйөөсүнүн уруксаты жок алып салуудан баш тарткан хирург-онколог Фархат Виндиза менен сүйлөшкөнүн билдирди. Бул тууралуу ректор «Клоопко» кабарлады.

«Мен андан (Фархат Виндизадан) эмне үчүн окуяны Твитерге чыгарганын сурадым. Ал бул боюнча адистердин пикирин билгиси келгенин айтты. Эгер аял жатынын алып салгысы келсе, бирок бул үчүн дарыгердин багыттамасы жок болсо, күйөөсүнөн уруксат сурашы керкпи-жокпу билүүнү каалаптыр», — деди ректор.

Кудайбергенова хирург ишин улантарын, себеби аны «жумуштан кетирүүгө эч кандай негиз жоктугун» белгиледи.

19-июлда хирург-онколог Фархат Виндиза Твитер барагына 29 жаштагы келинге жатынын жолдошунун макулдугу жок алып салуудан баш тартканын жазган.

«29 жаштагы жаш келин келип, жолдошуна билдирбей жатынын алып салууну суранды. Үч баласы бар экен, башка балалуу болгусу келбейт экен. Апасы жатын рагынан каза болуп калганын айтып түшүндүрдү. Күйөөсүнүн макулдугу керектигин айтсам, аялдарды сыйлабайт экенсиз деген жооп уктум», — деп жазган дарыгер.

Бул окуядан кийин Жарандык активисттер жана Репродуктивдик ден соолук боюнча альянс Кыргызстандын Медициналык профсоюзуна жана КММАнын жетекчилигине кайрылып, врачтын аракеттерине профессионалдык жана этикалык баа берүүнү суранган.

Альянстын директору Галина Чиркина «Клоопко» маек куруп, алардын кайрылуусунда Фархат Виндизанын аракетинде мыйзам бузуулар бар экени айтылганын билдирген. Чиркина бейтап тигил же бул органын алып салганы тууралуу жакындарына билдирүүгө милдеттүү эместигин, ал эми врач уруксат жок деп эле кызмат көрсөтүүдөн баш тартпашы керектигин белгилеген.

Чиркина Виндиза аялдардын гана эмес, жалпы эле бейтаптардын дагы укуктарынын бузулушуна үлгү көрсөтүн жатканын кошумчалаган.

«Тагыраагы, мисалы, мен турмушка чыга элек кызмын, жатынымды алдыргым келет дейли, кимден уруксат сурашым керек — атамданбы, байкемденби? Доктор эмне дегиси келип жатат? Аял өз алдынча чечим чыгара албайт дегенсип жатабы?» — деди ал.

Фархат Виндиза деген ким?

Фархат Виндиза — КММАнын медициналык борборунда операция бөлүмүн жетектеген онколог-хирург.

Буга чейин Виндиза П.А. Герцен атындагы Москванын онкологиялык илим-изилдөө институтунда иштеген. Ал жактан медициналык этиканы бузганы үчүн жумуштан алынган.

Врач Твирттерге «чоң хирургияда» иштеген кыздардын жеке жашоосу ойдогудай болбой калат деп жазган.