«Эч ким жоопко тартылган жок». «Алтын кумда» түтүк соруп кеткен Ситниковдун өлүмүнө бир жыл

Мындан туура бир жыл мурда, 2021-жылы 27-июль күнү Ысык-Көлдөгү «Алтын кум» пансионатындагы аквпарктын суу соргон түтүгү 18 жаштагы Станислав Ситниковду соруп кеткен. Түтүктүн диаметри 50 см болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, Ситниковдун достору аны бутунан кармап калууга аракет кылышкан, бирок жигитти түтүктөн алып чыга алышкан эмес.

Станислав Ситниковдун сөөгүн алты сааттан кийин гана алып чыгышкан. Анда куткаруучулар жерди казып, түтүктү кесишкен.

«Алтын кум» пансионатынын аймагындагы аквапарктагы куткаруу жумуштары. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы.

Кийин соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Станислав Ситников механикалык тумчугуудан, башкача айтканда жогорку дем алуу жолдоруна суу толуп калгандыктан тумчугуп калган деп аныктаган.

Коопсуздук эрежеси бузулган

Каргашалуу окуядан кийин Станислав Ситниковдун туугандары күбөлөргө таянып, аквапаркта техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаганын айтып, керек болсо куткаруучу болбогонун билдиришкен.

Окуяга күбө болгондордун бири Адинай Эрмек кызы баланы насос соро баштаганда аны өчүрүүнү суранышканын, бирок аквапарктын кызматкери «макул болбой койгонун» айткан.

«Баланы толугу менен соруп кете электе досу сууну өчүрүңүз деп аттракционду иштеткен балага барган. Ал макул болгон эмес. Качан гана бала толугу менен кирип кеткенде сууну өчүрүшкөн», — деген ал.

Эрмек кызы куткаруучулар кеч келип кайдыгерлик кылышканын дагы билдирген. Ал окуядан кийин аттракциондун ээси келип, милиционерлер менен сүйлөшкөндөн кийин «көрүнбөй кетти» деп билдирген.

Дагы окуңуз: «Куткаруучулар болгон эмес». Аквапаркта каза болгон Станиславдын жакындары арыз-муңун айтты

Токтотулган кылмыш иши

Көп өтпөй Ысык-Көл РИИБи «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштаган. Ал эми Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл району боюнча башкармалык Ситников каза тапкан «Алтын кумдагы» аттракцион мыйзамсыз орнотулганын аныктаган. Бирок текшерүүгө тыюу салган мораторийден улам текшерүү чараларын жүргүзө алышпаганын билдирген.

Kaktus Media’нын журналисттери Ситников каза болгон аквапарк «Дельфин Лэнд» пансионатына таандык экенин аныктаган. Аталган пансионаттын негиздөөчүлөрүнүн бири жана «Дельфин Лэнддин» директору Айдар Текебаев болуп чыккан. Ошондой эле негиздөөчүлөрдүн курамында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун аялынын кудасы, «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин жубайы — Гүлсара Сулайманова бар экени айтылган.

Өткөн жылдын декабрында Станислав Ситниковдун өлүмү боюнча тергөө аяктап, иш сотко өткөн. Тергөөнүн жыйынтыгында ишкер Айдар Текебаев «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу» (Жазык кодексинин эски редакциясы) беренеси боюнча кылмыш жасаган деп көрсөтүлгөн.

«Укук коргоо органдарынан ишкер аттракциондун суу соро турган насос бар аймакка сууга түшүүгө болбой турганын жана кооптуу аймак экенин билип туруп коопсуздук белгилерин орнотпогонун белгилешти. 500 мм түтүктүн аяк жагына коопсуздук жабдыгы тосмолор менен курчалган эмес, ал өз ишмердигин улантып, көңүл ачуучу суу-аттракциондорун иштетип, адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан», — деп AKIpress Ысык-Көл облустук ИИБне таянып жазган.

2022-жылдын апрелинде 18 жаштагы Станислав Ситниковдун өлүмү боюнча тергөө тараптардын келишип алуусунан улам аяктаганы белгилүү болгон. Ысык-Көл райсотунан жарашуу келишими айыпталуучу менен каза болгон Станислав Ситниковдун мыйзамдуу өкүлүнүн ортосунда түзүлгөүн билдиришкен.

Аквапарк азыр эмне болду?

«Дельфин Лэнд» пансионатынан «Клооптун» кабарчысына «Алтын кумдун» пляжында балдар үчүн делген гана аквапарк иштеп жатканын билдиришти. Ал жактан аквапарктын калган бөлүгү көлдөгү сууну толтуруу маалында оңдолуп жатканын айтышты.

«Алтын кум» пансионатынын пляжындагы аквапарк, 2022-жылдын июль айы. Сүрөт: Алымбек Кеңешов / Kloop.

Азыркы тапта «Алтын кум» пансионаты адаттагыдай эс алуучуларды кабыл алууда.