«Куткаруучулар болгон эмес». Аквапаркта каза болгон Станиславдын жакындары арыз-муңун айтты

Ысык-Көлдөгү «Алтын кум» пансионатында аквапарктын суу соруучу түтүкчөсү соруп кетип каза болгон 18 жаштагы Станислав Ситниковдун жакындары «Супер ТВга» маек курушту. Алар уулу каза тапкан пансионатты жабууну жана күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылып жатышат.

«Бир күнгө деп ойлосом түбөлүккө коё берген экем»

Маркумдун жакындарынын айтымында, Станислав кафеде иштеп жүрчү, кесиптештери менен бир күнгө эс алганы көлгө кеткен. Бирок кайтып келген эмес.

Ал эми Ситниковдун таенеси Наталья Ситникова небереси каза болгон «Алтын кумда» техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаганын айтып, пансионаттын жетекчилигин жоопко тартууну талап кылды.

«Ачык эле айтам, ошол канчыктардын баарын жазалап, пансионатты жабыш керек. Каякта эле куткаруучулар?! ӨКМчи?! Элдер чөмүлүп жүрөт, бир дагы куткаруучу жок. Кантип ушундай болсун?! Алар акчаны эле көргөндө шилекейи куюлуп жатып калат. Ошол түтүктү тосуп, тор коюп койсо болмок! Бул кандай жоопкерчиликсиздик?!» — деп ачууланды ал.

Ситникова Станислав бала кезинен атасыз өсүп, майып инисин менен майып апасын жалгыз бакканын айтты. Маркумду таенеси «боорукер, элпек, үй-бүлөсүнө кайрымдуу» жигит катары эскерди.

«Станислав менин жалгыз таянаарым, жарыгым эле. Жалгыз карааныбыз эле. Бардык үмүтүм анда болчу. Анын кичүү иниси 3-топтогу майып. Аны [Ысык-Көлгө] бир эле күнгө коё бердим деп ойлосом, түбөлүккө коё берген экем», — деп ыйлады маркумдун таенеси.

«Уулумду ким кайтарып берет?»

Станиславдын апасы Любовь Ситникова күнөөлүүлөрдүн жазага тартылышын гана каалайт. Ал уулунун өмүрүн алган аквапарк азыр да иштеп жатканына кейиди.

«Эми ким мага уулумду кайтарып берет? Башка балдар да каза болуп калбашы үчүн баарын [аквапаркты] жабууну талап кылам», — деди ал.

«Куткаруучулар болгон эмес»

Үй-бүлөнүн жакын адамдарынын бири Марина Мещерина ошол күнү кырсыкка күбө болгон маркумдун кесиптештерине таянып, окуянын чоо-жайын айтып берди.

Анын айтымында, маркум кесиптеш-достору менен сууга түшүп жатканда насос өчүк болгон. Бирок «аны эч кимге эскертпей туруп жандырышкан».

«Насос баланы дароо соруп кеткен. Достору куткарууга аракет кылышкан, бирок күчтөрү жеткен эмес. Ошол убакта бир дагы куткаруучу болгон эмес. Бул чыныгы шалаакылык», — деди ал.

«Бир эмес, эки сөөктү алып чыгышты»

Окуяга күбө болгондордун бири Адинай Эрмек кызы баланы насос соро баштаганда аны өчүрүүнү суранышканын, бирок аквапарктын кызматкери «макул болбой койгонун» айтат.

«Баланы толугу менен соруп кете электе досу сууну өчүрүңүз деп аттракционду иштеткен балага барган. Ал макул болгон эмес. Качан гана бала толугу менен кирип кеткенде сууну өчүрүшкөн», — деди ал.

Эрмек кызы куткаруучулар кеч келип кайдыгерлик кылышканын дагы билдирди. Ал окуядан кийин аттракциондун ээси келип, милиционерлер менен сүйлөшкөндөн кийин «көрүнбөй кетти» дейт.

Эрмек кызы куткаруучулар түтүктү кесип «бир эмес, эки сөөктү алып чыкканын» дагы айтты.

«Буга чейин 24 жаштагы баланы да соруп кетти деп укканбыз. Эки сөөктү бүт жагына шейшеп ороп алып чыкты. Бирок денесинин көгөрүп, шишип калганы көрүндү», — деди ал.

Бул маалыматтын чын төгүнүн ӨКМден тастыктоого мүмкүн болгон жок.

Ситников 27-июлда пансионаттагы аквапаркта каза тапкан. Аны суу соруучу насостун диаметри 50 см болгон түтүкчөсү соруп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн алып чыгуу үчүн экскаватор менен кумду казып, түтүкчөнү кескен.

Көп өтпөй Ысык-Көл РИИБи «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады. Ал эми Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл району боюнча башкармалык Ситников каза тапкан «Алтын кумдагы» аттракцион мыйзамсыз орнотулганын аныктаган.