Күндүн сүрөтү: Эгерде аялдар президент болгондо…

Сүрөтчү Роза Месирум 21-июлда Кыргызстанда өткөн Консультативдик жолугушууга келген Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттерин тосуп алган кыздардын сүрөтүнө күзгү таасириндеги арт жаратты.

Сүрөттүн түп нускасында улуттук кийим кийген кыздар колдорунда боорсок, каймак кармап турганын көрүүгө болот. Алардын маңдайында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев жана өзбек президенти Шавкат Мирзиёев даам татууда.

Сүрөт: Президенттин администрациясы.

Сүрөттөн эргүү алган Роза Месирум президенттердин ордуна костьюм кийген кыздарды, ал эми кыздардын ордуна Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду улуттук кийимде, боорсок карматып тарткан. Күзгү таасириндеги орду алмашылган арт соцтүйүндөргө активдүү тарай баштаган.

Сүрөтчү Роза Месирумдун эмгеги.

Кыздар — саясий иш-чаралардын жасалгасы

Сүрөтчү бул темага бекеринен арт жараткан жок. Буга чейин жогорудагы сүрөт коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Соцтүйүн колдонуучулары кыздардын кийимдери менен жасалгаларын талкуулашкан — алар кыздар кийип турган улуттук кийимдердин дизайнына нааразы болушкан.

Бирок активист Алтын Капалова Фейсбук барагында кыргызстандыктарды кыздардын кийимине эмес, аларды түрдүү саясий иш-чараларда жасалга катары пайдаланып жатканына көңүл бурууга чакырган.

Борбор Азия өлкөлөрүндө аткаминерлерди улуттук кийим кийип, колдорунда боорсок көтөргөн кыздар тосуп алган салт бар. Ошол эле учурда кыздар татынакай болушу жана жылмайып турушу керек.

«Адамдар ал кыздардын моюнунун узундугунан тартып, баштарындагы чалмага чейин олуттуу талкуулап жатышканы жийиркеничтүү [...]

Дизайнерлердин калпыс иштерине көңүл бурбай деле койсок болот. Келиңиздер, андан көрө патриархалдык салттардан баш тартабыз. Аялдар саясий окуяларда жасалга болгондун ордуна, ошол саясий процесстерди башкарышы керек», — деп жазды Капалова.

Активист кыздар мындай иш-чараларда күн ысыкта да, суукта да, жамгырда да турарын кошумчалаган.

Сүрөт интернеттен алынды.

«Алар [конокторду боорсок кармап тосуп алган кыздар] тыкан, татынакай, жылмайган, жаш же таптакыр өспүрүм кыздар болушу керек. Кайсыл бир мекеменин ачылышында күндүн суугунда чиновниктер пальточон, ал эми кийинекей кыздар жука көйнөкчөн турушканы эсимде», — деп эскерди Капалова.

Аялдар саясаттан тыш

Негизи аялдарды саясатта кооздук буюму катары көрүү дүйнө жүзүндөгү ири көйгөй. Көпчүлүк учурда кыздарды, аялдарды саясий иш-чараларда жасалга же тейлөөчү кызматкер катары көрүүнү каалашат, бирок алардын саясатта болушун анчейин калаашпайт.

Жакында «Клооп» Кыргызстанда саясатта аялдар аз экенин сүрөттөрдүн жардамында көрсөткөн материал жарыялаган. Анткен менен, биздин өлкөдө эле эмес, дүйнө жүзүндө да саясатка аралашкан аялдардын саны аз.

Айрым кызыктуу маалыматтар:

  • дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик жогорку кызматтарда эркектерге караганда аялдар алда канча аз;
  • дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жарымында аялдардын саясатка аралашуусу 20%дан ашпайт;
  • Кыргызстанда кызмат канчалык жогору болсо, ал кызматтарда аялдар ошончолук аз.