Ошто студент кызды бычактап, короосуна көмүп койгон киши 15 жылга кесилди

Кара-Суу райондук соту 22 жаштагы студент кызды бычактап, кийин короосуна көмүп койгон кишини үй мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Ал эми 29-июль күнү таң эрте маркумдун жакындары Кара-Суу райондук сотунун алдында митинг өткөрүштү. Алар айыпталуу кесилген 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүнө нааразы болуп, катаал жаза берүүнү талап кылышты.

«22 жыл баккан кызды мал мууздагандай мууздап, мыкаачылык менен өлтүрүп жатат. Өлүм жазасы же өмүр бою эркинен ажыратуу сыяктуу катаал жаза берилбесе мындай өлүмдөр токтобойт», — деп билдирди маркумдун жакындарынын бири.

Ашкана бычагы менен сайган

22 жаштагы студент кыз дайынсыз болуп жатканы боюнча арыз менен үстүбүздөгү жылдын 30-январында апасы кайрылган. Укук коргоо органдары ыкчам-тергөө иш аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектеп Ноокат районунун 24 жаштагы тургунун кармаган болчу.

Шектүү милицияга берген көрсөтмөсүндө «кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн», 30-январь саат 10:00 чамасында экөө жолукканын айткан. Анын айтымында, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болгон.

«Экөөбүз сүйлөшүп отуруп урушуп кеттик. Менин ачуум келип, үйдөгү ашкана бычагы менен сайып салдым. Өлүгүн үйдүн жанына көмүп, кийимдерин, сумкасын сырттагы ажатканага ыргыттым. Ошол күнү окууга бардым да, 31-январда Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Орусияга учуп кеттим», — деп айтып берген ал.

Февраль айында шектүүнүн Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы үйүнүн короосундагы 35-40 см тереңдиктеги чуңкурдан кыздын сөөгү казылып алынган.

«Сөөк ташталган чуңкур топурак менен көмүлүп, үстүнөн курулуш материалдардын таштандылары менен жашырылган. Шектүү өлүктү көмгөн жерди адвокатынын катышуусунда көрсөтүп берди», — дешкен анда милициядан.

Аны менен катар, денени алгачкы кароо учурунда 9 даана курч миздүү буюмдун натыйжасында келтирилген дене жарааттары бар экени аныкталганы баса белгиленген.

Ош ШИИБи аталган факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизаларды дайындалып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.