«Тазалыктын» кызматкерлери Бишкектин тургунун үйүнөн төрт тонна таштанды чыгарды

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматы Бишектин Байтик-Баатыр көчөсүндөгү жер үйдөн 4 тонна таштанды чыгарылганын билдирди. Алардын маалыматына ылайык, үйдүн кожойкеси таштандыны бир нече жылдан бери сактап жүргөн.

Буга чейин аялдын кошуналары үйдөгү жагымсыз жытка наарзы болуп райондук администрацияга арызданып келгени айтылды.

«Үйгө барганыбызда короо тиричилик калдыктарына толуп калганын көрдүк. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин жана жүк ташуучу унаанын жардамы менен 4 тоннага жакын тантанды чыгарылды», — деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.

Ошондой эле, үй ээсине санитардык нормаларды сактоо жана мындай көрүнүштөргө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Экологияга келтирилген зыян майда адаттардан башталат — дүкөндөн ашыкча баштыкты алуу же троллейбустун ордуна такси менен жүрүү. Такси менен жүрүү Бишкектин үстүндөгү калың кара түтүндү пайда кылса, желим баштык текчедеги пластиктин санын көбөйтөт.

Материалдын автору Кайрат Бердишалиев.