УКМК: Ленин райондук милициясынын эки кызматкери пара алып жатканда кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери чет элдик жарандан 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарларды.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр тергөөгө чейин текшерүү иштерин токтотууну убадалап, чет элдик жарандан 2 миң доллар талап кылган.

Кармалгандардын бири — райондук милициянын тергөөчүсү, экинчиси — кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери.

Шектүүлөргө карата «Пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басарын 20 миң сом пара алып жатканда кармалган. Шектүү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн С.Г. аттуу кишиден пара талап кылган.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия 88 упай менен биринчи орунга чыгып, коррупциянын денгээли эң төмөн мамлекеттердин катарына кирген.

Тема боюнча:

Сокулук РИИБдин жетекчилеринин бири 20 миң сом пара алып жатканда кармалды

«25 миң сом талап кылган». Бакай-Ата райондук сотунун судьясы пара алып жатканда кармалды