Мушташкан жеткинчектерди арачалаган кызга кол көтөргөн кишинин иши сотко өттү

Соода борборлордун бириндеги балдар ойногон аянтта иштеген 18 жаштагы кызга кол салуу иши Ленин райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ленин РИИБнен кызга кол салган киши тергөөчүлөргө алып келингенин, андан соң милиция «кылмыштын курамы жоктугунан» кылмыш ишин козгоодон баш тартканын белгилешти.

Эми сот аталган адамга карата административдик жазаны аныктайт.

Окуя июль айында Бишкекте болгон. Милициянын маалыматына ылайык, жабырлануучу балдар ойногон аянтта мушташып жаткан жеткинчектерди арачалап жатканда ага белгисиз киши келип кол көтөргөн. Аны менен катар кол салган киши уят сөздөрдү айтып сөгүнүп, андан соң уруп жиберген.

Милиция бул окуяны каттоого алып, экспертиза дайындалган.