Бишкек: Мушташкан жеткинчектерди ажыраткан кызга эркек киши кол көтөрдү

Бишкектеги соода борборлорунун биринде эркек киши кызга кол көтөрүп, денесине залал келтирген. Бул тууралуу Ленин РИИБнен билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, жабырлануучу балдар ойногон аянтта мушташып жаткан жеткинчектерди ажыратып жатканда ага белгисиз киши кол көтөргөнүн айткан. Аны менен катар кол салган киши уят сөздөрдү айтып сөгүнүп, андан соң уруп жиберген.

Милиция бул окуяны каттоого алып, экспертиза дайындалган. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, басма сөз кызматтан шектүү милицияга алып келине электигин кошумчалашты.

Тема боюнча окуңуз:Бишкекте кызга кол көтөрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте бейтааныш кызга кол көтөргөн киши тил каттын негизинде бошотулду

Бишкекте кызга кол салууга шектелген киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди