Боом капчыгайындагы сел: Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу бир тараптуу ачылды

Боом капчыгайындагы селдин кесепетинен убактылуу жабылган Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Балыкчы — Нарын каттамындагы унаалар кезек-кезеги менен өткөрүлүүдө.

Министрликтен учурда үч облусту бириктирген стратегиялык жолду кеңейтүү, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

«Табигый кырсык катталган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жана райондук бөлүмдөрүнүн ыкчам топтору, куткаручуулар, адистер жана куткаруучулар иш алып барууда», — деп кошумчалашты ӨКМден.

30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жамгыр жаап, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымын жана Бишкек — Балыкчы темир жол каттамын кыян жаап калган.

Жерине ӨКМдин нөөмөттө турган куткаруучулары жана Балыкчы шаардык Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Тема боюнча:

Сел: Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу жана Бишкек — Балыкчы темир жолу убактылуу жабылды