«Тазалык» ишканасынын директору жана орун басары кызматынан бошотулду

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Султан Алыбаев жана анын орун басары «арыздардын жана сын-пикирлердин көптүгүнө байланыштуу» кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай чечимди калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров кабыл алганы белгиленди.

Мэриядан шаардыктар катуу таштандылар өз убагында чыгарылбай жатканын айтып, нааразы болуп келишкенин белгилешти.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, ишкананын жетекчилигине Нурлан Касымов, ал эми анын орун басарлыгына Марат Алдакуров дайындалды.

Ошондой эле мэриядан шаардагы чогулган таштандыларды чыгаруу үчүн 16 атайын унаа тартылганын кошумчалашты.

«Таштандыларды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн бул кызматтарды эки райондо– Биринчи май жана Свердлов райондорунда аутсорсингге өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат», — деп билдиришти мэриядан.

Дагы окуңуз: «Тазалыктын» кызматкерлери Бишкектин тургунун үйүнөн төрт тонна таштанды чыгарды