Максатбек Токтомушев муфтиятка тиешелүү төлөмдөрдү кайтарып бергени айтылды

Экс-муфтий Максатбек Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына (КМДБ) тиешелүү бардык төлөмдөрдү кайтарып берди. Бул маалыматты «Клооптун» журналистине муфтияттан тастыкташты.

Бирок каражаттын суммасы ачык айтылган жок.

Токтомушев өлкөнүн муфтийлигинен 2021-жылдын 10-февралында кеткен. Буга чейин УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын финансылык бузууларга айыптаган. Ал эми Токтомушев муфтийликтен кеткенден кийин кармалып, ТИЗОго киргизилген.

УКМКнын маалыматына ылайык, муфтияттын жетекчилиги ажылык сапарга барууну каалагандар төккөн 100 млн сомдон ашык каражатты кредитке берген.

Токтомушев өзү 8-февралда муфтийликтен кетээрден эки күн мурун АКИpress басылмасына маек куруп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставына карабай, аны кызматынан мыйзамсыз бошотууга аракет кылып жатышканын айтып берген.

Ал буга Аалымдар кеңешиндегилер, мурдагы муфтийлер жана «айрым мамлекеттик аткаминерлер» кызыктар деп эсептеген.

Кийин 12-февралда Токтомушев үй камагына чыккан.

Экс-муфтийдин иши боюнча пикирин президент Садыр Жапаров да айтып чыккан. Президенттин айтымында, Токтомушев Жапаров президенттикке талапкер болуп турганда аны муфтийликтен мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө аракеттер болуп жатканын айтып кайрылган. Анда Жапаров өкмөткө чалып, чиновниктерди дин иштерине аралашпоосун талап кылган.

Ал эми инагурациядан кийин Жапаров муфтийге жана анын каршылаштарына жолуккан. Анда муфтийге нааразы болгондор диний ишмерди «салттуу» исламды жайылтпайт, ажылык сапарга делген акчаны жок кылды деп айыпташкан. Президенттин айтымында, бухгалтердик текшерүү жүргүзүүнү өзү сунуштаган.