Мамлекеттик антимонополия кызматы Тукуновдун түнкү текшерүүсү боюнча түшүндүрмө берди

Эмне болду эле?

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Акжолтой Тукунов 31-июль күнү түндө Аламүдүн районунун Маевка айылындагы дүкөндөрдүн бирине текшерүүгө барган.

Бирок ал жерде иштегендер ага дүкөндү текшертпей коюшкан. Бул чиновниктин ошол жердеги түз эфиринен белгилүү болгон.

Тукунов «Берёзка» деп аталган дүкөндү текшерүүгө барган. Ал түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн келгенин айтып, дүкөндүн администраторун чакырууну өтүнгөн, бирок дүкөндүн кызматкерлери кеч болуп кеткенин айтып администраторду чакырып беришкен эмес.

Чиновник түз эфиринде дүкөндө айрым товарлар кымбат сатылып жатканын айта баштаган. Көп өтпөй өзүн Витя деп тааныштырган киши келип Тукуновдон камерага тартууга жана текшерүүгө уруксат кагазын көрсөтүүнү талап кылган.

Чиновник күбөлүгүн көрсөткөндө Витя аттуу адам күбөлүктү тартып алып, кайрадан текшерүүгө делген уруксат кагазын талап кылган. Андан соң Тукуновду эшикке чыгарып, дүкөндүн администрациясы менен байланыштырышкан. Өз кезегинде администрация чиновниктен иш убагында текшерүү тууралуу токтом менен келүүнү суранган.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эмне дейт?

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы аталган окуя боюнча төраганын орун басары жана бөлүм башчылардын катышуусунда кеңешме өткөнүн билдирди. Кеңешмеде өлкө мыйзамдарын так сактоо зарыл экени тууралуу көрсөтмө берилди. Кызматтан ведомствонун иши ачык-айкын экенин белгилешти.

Ошондой эле кызматтан Тукунов керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин, ошондой эле Бишкек шаары жана Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустары боюнча бөлүмдөрдүн ишин тескерин айтып беришти.

«Ун, кумшекер, сүт, май жана башка ушул сыяктуу товарлар калк үчүн соцалдык маанидеги товарлар болуп эсептелет. Ошондуктан бул азык-түлүктөрдүн базары мамлекетин өзгөчө көзөмөлүндө турат», — деп билгилешти ведомстводон.

Мекемеден текшерүүлөр бааларды кымбаттатуу жана чайкоочулуктар болбошу үчүн Министрлер кабинетинин тапшырмасы боюнча жүргүзүлүп жатканын айтышты.

«Минкаб кызматка базардагы бааларга туруктуу негизде көз салууну, анализдөөнү жана мониторинг жүргүзүп турууну тапшырган. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы товар өндүрүүчүлөр, жеткирүүчүлөр жана соода түйүндөр менен баалардын ашыкча көтөрүлүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн жумушчу жолугушууларды өткөрүп турушу керек», — деп билдиришти кызматтан.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кызмат өлкөнүн бардык соода түйүндөрүндө күн сайын бааларга мониторинг кылып, бааларды турукташтыруу боюнча сунуштарды берип, соодагерлерге бааны кымбаттатпоо керектигине байланыштуу кеп-кеңештерди берип жатат. Мунун баары мыйзам чегинде жүргүзүлүүдө.

Акжолтой Тукунов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басарлыгына 2022-жылдын июлунда дайындалган. Буга чейин ал коомдо казинону мыйзамдаштырууга каршы чыгып жүргөн активист катары таанылган.

Тукунов мурда дагы, тагыраагы, 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин бир нече ай Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.