Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу боюнча келишимге Самаркандда кол коюлушу мүмкүн

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-сентябрында Самаркандда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Саммитте Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытай темир жол куруу долбоору боюнча үч тараптуу документке кол коюуну пландап жатат. Бул тууралуу 2-августта Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов билдирди.

Ал учурда темир жол куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуунун үстүндө жүрүп жатканын айтты.

Норов «“Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жол коридорун транскавказ коридору менен бириктирүү өлкөлөрдүн ортосунда бирдиктүү транспорттук түйүндү түзүп, Кытайдан чыгып Европага чейин соода географиясын кеңейтет» деп кошумчалады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров ШКУнун сентябрда өтүүчү саммитинде темир жол курулушун баштоо боюнча макулдашууга кол коюуну демилгелеген.. Бул тууралуу Жапаров 4-июлда Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И менен жолугушканда айткан.

Ал Ван Иге кытайлык адистер Кыргызстанга келип, темир жолду куруу үчүн жер-жерлерде изилдөө иштерин баштаганына ыраазычылыгын билдирген.

Чыгыш менен батышты байланыштыруучу жол

Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Өзбекстан, Иран, Түркия аркылуу өтүп, Европага чыга турган темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына дээрлик 20 жыл болду.

Бул жол Кыргызстанга дээрлик бүткүл Азияны — Кытайдын жээгинен баштап Перс булуңуна чейин байланыштыра турган континенталдык көпүрөнүн бир бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк берет.

Магистралдан жылына 7 млн тоннадан 13 млн тоннага чейин жүк ташууга болот деп күтүлүүдө. Кыргызстандын эсеби боюнча алардын 80%ы транзит, калганы — Кыргызстандын өзүнүн соода-сатыгы болот. Мурда Кыргызстан транзиттин өзүнөн эле жыл сайын 200 млн доллар киреше ала алары айтылып жүргөн.

Анткен менен азырынча жолдун өтө турган жери, курулушту ким каржылай турганы чечиле элек.

Азыркы учурда темир жолдун болжолдуу эки версиясы бар. Кыргызстан маршрут Торугарт — Арпа — Макмал— Жалал-Абад аркылуу өтүшү керек деп жатат. Бул 280 километр жол, ал көпчүлүк бекеттерди камтыйт. Ал эми Өзбекстан менен Кытай, Торугарт — Арпа — Кара-Суу маршрутун сунуштап жатат. Ал биринчи варианттагыдан 8 километрге кыска жана бир аз арзанырак болот. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 5 млрд долларга бааланууда.

Аны менен катар азыркы тапта бир да мамлекет долбоорду каржылоого даярдыгын айта элек. Курулуш штери, «Кыргыз темир жолунун» маалыматына ылайык, 6 жылдан 8 жылга чейинки убакытты алышы мүмкүн.

Негизги беттеги сүрөт иллюстративдик.