Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, алардын дилгирлигине ишенерин айтты

Президент Садыр Жапаров 4-августта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кайрылды.

Өлкө башчысы кайрылуусунда жакындагы алардын маянасынын көтөрүлгөнү «сапат, аброй жана кадыр-баркка» оң таасир этерин жазды.

«Эми, Кудай буюрса, ар бир мамлекеттик кызматкер ар күнү ишине бара жатканда “Бүгүн мен мамлекетиме кандай пайда алып келем?” деген жигердүү дем менен келиши зарыл. Ар бир мамлекеттик кызматкер сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө өз мекенинин патриоту, атуулу болушу кажет», — деп кайрылды Жапаров.

Президент алардын эмгек акысы көтөрүлгөнү мамлекеттик кызматкерлердин «демине дем, күчүнө күч кошуп, иштин илгерилешине чоң жөлөк болуп берет» деп ишенет.

Президент 2-августта мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштегендердин айлыгын жогорулатуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, алар 2022-жылдын 1-августунан тартып жаңы айлык ала башташат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы канчага көтөрүлгөнүн бул жерден окуңуз.