Ош мэриясы: «Алтын базардын» кожоюну бюджетке 2,7 миллион сомго жакын акча төлөгөн эмес

Ош шаарындагы Базар көчөсүндө жайгашкан «Алтын базардын» кожоюну соода орундары үчүн эки жылдын ичинде эки миллион сомдон ашык акы төлөбөй келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын маалыматына ылайык, ал жер атайын тариф боюнча «кичи базар» деп белгиленип, кожоюну ай сайын шаардык бюджетке 292 миң 32 сом төлөшү керек болчу. Бирок документтерде 111 миң 608 сом гана көрсөтүлөн.

Эки жылдан ашык убакыттан бери базардын кожоюну бул акчаны казынага түшүрбөгөнү аныкталган.

Басма сөз кызматынан белгилегендей, жыйынтыгында шаардык бюджетке 2 миллион 678 миң 592 сом зыян келтирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

«Алтын базары» Ош шаарындагы Ош жайма базарынын 27 сотых аянтын түзөт.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев учурда бул базарда 200гө жакын субъект иш алып барарын билдирген. Анын айтымында, алар базардын ээсимин деген жаранга айына 800 сомдон 1500 сомго чейин акча төлөп турушкан.