Сузактагы сел: Бийлик сегиз үй-бүлөгө турак жай салып жатат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда селдин кесепетинен үйлөрү кыйраган сегиз үй-бүлөгө турак жай салынып жатат. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, сегиз үйдүн курулушуна мамлекеттик бюджеттен 5,6 млн сом бөлүнгөн.

«Мындан сырткары, бул саамалык үчүн облус боюнча мамлекеттик кызматкерлердин бир күндүк айлык маяналары дагы чогултулуп, курулуш үчүн колдонулууда», — деп маалымдады басма сөз кызмат.

Май айында катуу жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун Сузак районун сел каптаган. Мындан улам ал жактан өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Анда Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарында сел 606 турак үйдү жана 10 социалдык имаратты каптаган. Суу каптаган райондордон миңден ашык адам эвакуацияланган.