Хан-Теңири чокусунда көз жумган башкырстандык альпинисттин өлүмү иликтене баштады

Кыргызстанда Хан-Теңири чокусун багындыруу учурунда башкырстандык альпинист Мария Нечаева каза болду. Бул тууралуу «Комсомольская правда» басылмасы жазды.

Алардын маалыматына ылайык, альпинисттин сөөгү 5 600 метр бийиктиктен табылды.

Нечаеванын каза болгону тууралуу маалыматты «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Мария Нечаева

Милициянын маалыматына ылайык, кыздын каза болгону тууралуу 8-августта маалым болгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, өлүмдүн себептери териштирилип жатат.

Хан-Теңири чокусу Ысык-Көл облусунда, Кыргызстан, Казакстан жана Кытайдын чек арасында жайгашкан.