«Чыгаан аялдар». Эл аралык шахмат федерациясы беш мекендешибизге сыйлык тапшырды

Сүрөт: FIDE/Anna Volkova

Кыргызстандын шахмат боюнча бирикмеси беш кыргызстандык кыз «Year of the Woman in Chess Awards» сыйлыгына ээ болушканын билдирди. Сыйлык Эл аралык шахмат федерациясы FIDE тарабынан шахматтагы чыгаан кыз-келиндерге берилет.

Алсак, Кыргызстандан Бактыгүл Тиленбаева Азия боюнча чыгаан шахмат тренери (Outstanding chess trainer) аталды.

Ал эми Розалия Вендрова Азиянын шахмат боюнча чыгаан устаты (Outstanding chess educator) наамына татыды.

Ошондой эле Шахнази Мусаева Азиянын чыгаан фотосүрөтчүсү (Outstanding photographer) болду.

Мындан тышкары, Дария Кудайназарова жеңишке умтулгандыгы үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген чыгаан шахматчы аялы (Woman with disability for outstanding fighting spirit) наамын алды.

Дагы бир мекендешибиз Медина Жумашова Азиянын чыгаан шахматчы администратору (Outstanding chess administrator) сыйлыгына татыды.

FIDE’нин президенти Аркадий Дворкович сыйлык алган аялдар бардык шахмат сүйүүчүлөрүнө үлгү болуп эсептелерин белгиледи. Дворкович Эл аралык шахмат федерациясы 2022-жылды Шахматтагы Аялдар жылы деп жарыялаганын дагы кошумчалады.

«[Шахматтагы Аялдар жылы] бир эле жыл эмес, түбөлүккө уланышы керек», — деп белгиледи ал.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи 5-августта 44-Дүйнөлүк Шахмат Олимпиадасынын алкагында Индиянын Ченнаи шаарында өттү.

FIDE Эл аралык шахмат федерациясы

FIDE Эл аралык шахмат федерациясы шахмат спортунун жетектөөчү органы болуп эсептелет жана бардык эл аралык шахмат мелдештерин жөнгө салат. Учурда федерация өзүнө 99 өлкөнү бириктирет.

Шахмат спорттун глобалдык түрү болуп эсептелет, ага бүткүл континенттен миллиондогон оюнчулар катышып, күн сайын орточо эсеп менен 60 миллиондон ашык партия оюн өтүп турат.

27-июлдан 10-августка чейин 44-Дүйнөлүк шахмат Олимпиадасы өтүп жатат, ага 188 өлкөдөн эки миңден ашык шахматчы катышууда.

Бул олимпиадага Кыргызстандын курамасынын дагы 10 спортчусу катышып жатат. Олимпиаданын сайтында Кыргызстандын курамасында 5 жеңиш камсыздалганы айтылды.

Шахмат олимпиадасы — Олимпиада оюндарынан кийин эле турган спорттук турнир, ал эки жылда бир өткөрүлүп турат.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.