Жапар Ормонов Чолпон-Ата шаарына мэр болду

Жапар Ормонов Чолпон-Ата шаарына мэр болуп дайындалды. Бул тууралуу 9-августта белгилүү болду.

Ал эми шаардын буга чейинки мэри Бердибек Иманбеков ээлеген кызматынан бошотулду.

Жапар Ормонов ким?

Жапар Ормонов өзү Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн. Ал буга чейин Оштун вице-мэри, шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеген.

2020-жылы спикер болуп турганда Ормонов Матраимовдордун кланынын «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого катышкан.

Анда шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктардан улам мэриянын маңдайында өткөн митингде Ормонов митингчилер тарабынан сабалган.

Кийнчерээк ал 2021-жылы өткөн шаардык кеңешке шайлоого «Ишеним» партиясы менен барган. Ошол кездеги Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов аталган партиянын түзүүчүлөрүнүн бири болгон.

Бирок аталган шайлоо массалык бузуулардан улам жокко чыккан.

Ал эми өткөн жылдын ноябрында өткөн парламенттик шайлоого да Ормонов «Ишенимдин» тизмесинде катышкан. Бирок ал мандат алуу үчүн жетиштүү добуш топтой алган эмес.