Оштогу митингде «Мекеним Кыргызстандын» талапкери сабалды

Ош шаарындагы митингдин катышуучулары аянтка чыккан шаардык кеңештин төрагасы, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Жапарбек Ормоновду аяттан кууп чыгышты.

Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, митингчилер аны ургулап, аянттын жанындагы Кытай Эл Республикасынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн имаратына жакын жайгашкан үйлөргө чейин кууп барышкан.

Кийинчерээк митингчилерге ыктымал ошол жердеги үйдүн ээси аларга каршылык көрсөтүп, артка кайтууну сурангандан кийин алар облустук администрацияны көздөй жөнөшкөн.

Жапар Ормонов. Сүрөт: "Турмуш" басылмасы

Алар обладминистрациясынын имаратына келишип, ал жерге кирүүгө аракет жасашты. Бирок аларга имаратты кайтарып турган 10догон милиционер каршылык көрсөтүштү.

Учурда Ош шаарынын борбордук аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган жарандардын митинги өтүп жатат. Алар элдик бийлик орнотууну талап кылышууда. Ал арада шаардык кеңештин депутаттары мэрди кызматтан алуу сунушун өкмөткө жөнөттү.

Аянтта саат 9:00да президенттин тарапташтары чогулуп, анын бийлигин «сактап калуу керектигин» айтып, митинг өткөрүшкөн. Президентти колдоп келен тургундардын саны 100дөн ашкан. Ал учурда аянтка президентке каршы тарап да чогулган — алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган тургундар жана оппозициячыл партиялардын мүчөлөрү.

Жээнбековдун тарапташтары алгач «Реформа» партиясынын тарапташтарын ур-тепкиге алып, «Азаттыктын» журналисти Дастан Үмөтбай уулуна да кол салышты. Кийинчерээк митингди оппозициячыл тарап өз колуна алды.

Бишкекте 6-октябрда түнкү саат үчтөр чамасында шайлоонун жыйынтыктарына каршы болгон митингчилер Ак үйдү, УКМКны, башкы прокуратуранын имаратын жана Бишкек мэриясын басып алышкан.

Учурда Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн айрым аймактарында митингдер өтүп жатат.

Тема боюнча: Ош: Жээнбековдун тарапташтары борбордук аянтта чогула башташты

Тема боюнча: Митингчилер Ак үйдү жана УКМКнын имаратын басып алышты