Баткен: Алыскы Зардалыда интернет иштей баштады

Жаңы орнотулган интернет станциясы. Сүрөт: Абдикарим Каламбеков

Жаңылык 12-август саат 16:55те жаңыртылды.

Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылында интернет иштей баштады. Бул тууралуу «Клоопко» Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Абдикарим Каламбеков билдирди.

Анын айтымында, айылдагы мектептин алдына станция орнотулган. Андан интернет WiFi аркылуу таратылат. Ал эми станция өзү күн батареяларынан энергия алат.

Демилгени «Кыргыз интернет коому» ишке ашырган. Аталган коом интернет жеткиликсиз аймактарга интернет туташтыруу менен алектенет.

Зардалы айылы Баткен шаарынан 125 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда электр жарыгы жок, 250 гана адам туруктуу жашайт. Өрүк жана чайыр сезондорунда тургундардын саны 1000ге жетет.

Жолдун катаалдыгынан  айылга автоунаа каттабайт. Бийик ашуу аркылуу жай мезгилинде гана барууга болот — тоо боорундагы жарды бойлогон бир адам гана батчу жол бар.

Кар жааган мезгилде ал жолдор менен каттоого такыр мүмкүн эмес. Мындан сырткары сел жүргөн маалда жөө өтө турчу жолдор да тосулуп калат.

Айылда 2010-жылы башталгыч класттар үчүн мектеп ачылган. Мектепте болгону эки гана класс бар. Төрт жылдан кийин окуучулар башка жакка барып окууга мажбур. 2015-жылы жападан жалгыз фельдшердик-акушердик пункт ачылган.