Ислам шериктештиги оюндары: Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында брасс стилинде сууда сүзүү боюнча күмүш медаль тагынды.

Петравшов 50 метр аралыкты сүзүп өттү. Ошондой эле ал 100 жана 200 метр аралыкты брасс стилинде сүзүп өтүү боюнча катышат.

Петрашовдун күмүш медалын кошкондо азыркы тапта кыргыз спортчуларынын куржунунда 15 медаль бар. Кыргызстан командалык эсеп боюнча 56 мамлекеттин ичинен 9-орунга чыкты.

Буга чейин кыргыз балбандары 14 медаль утушкан — алты алтын, беш күмүш жана үч коло.

Ислам шериктештиги оюндарынын расмий ачылышы 9-августта Түркиянын Конья шаарында өткөн. Ага түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да катышкан.

Ачылышта Кыргызстандын желегин улуттук курама команданын капитаны, балбан Атабек Азизбеков менен жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп чыккан.

Чемпионат 18-августка чейин уланат. Ага 56 мамлекеттен төрт миңге жакын спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн 483 комплект медал үчүн күч сынашууда. Ал эми мелдешке Кыргызстандан 25 спортчу катышып жатат.

Денис Петрашов

Сүрөт: Ислам шериктештиги оюндарынын расмий сайты.

Петрашов — сууда сүзүү боюнча Азиянын 2017-2019-жылдардагы чемпиону. 2020-жылы январда Женевада өткөн CIG Challenge турниринде күмүш медалга ээ болгон.

Ал сууда сүзүү боюнча Токио Олимпиадасына лицензия алган алгачкы кыргыз спортчусу. Бирок жарым финалга чыга алган эмес.

Ал буга чейин 2016-жылдагы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарына катышкан.

Ушул жылдын февралында спортчу Атланта шаарында өткөн АКШнын Атланта жээги Конференциясындагы мелдеште 200 ярд аралыкка сүзүү боюнча экинчи орунду жеңип алган. Анда Петрашов АКШнын күчтүү делген университеттик командаларынын көрүнүктүү атаандаштары менен күч сынашып 1:51.89— убактысын көрсөткөн.

Ал эми июль айында Израилде өткөн «Маккабиада-2022» эл аралык мелдешинде Петрашов 100 жана 200 метрди брасс стилинде сүзүп өтүү боюнча эки алтын медалга ээ болгон.