Казакстан: Назарбаев Бобордук Азияда эң чоң мечит ачты

Нур-Султан шаарында Борбор Азиядагы эң чоң мечит ачылды. Бул тууралуу казакстандык informburo.kz. басылмасы жазды.

Ачылуу аземи Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин сөзү менен башталды. Ал мечиттин биринчи кышын 2019-жылы, өлкө башчылыктан кетерден бир күн мурда койгонун айтты. Назарбаев ал учурда аны менен чогуу учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев да келгенин айтты. Токаев мечиттин ачылшына катышкан жок.

Мечит 10 гектар аянтта жайгашкан. Чоң күмбөздүн бийиктиги 83,2 метрди, ал эми диаметри 62 метрди түзөт. Мечиттин төрт мунарасынын бийиктиги 130 метрге барабар. «Туристтик мунара» деп аталган мунаралардын бирине лифт менен көтөрүлүп, шаардын көрүнүшүнө суктанса болот.

Мечит 35 миң кишиге ылайыкталган. Тыштагы ачык аянтка дагы 200 миң киши батат.

Ал жерде окуу бөлмөлөрү, жыйындар залы, нике кыюу залы, Куран окуу үчүн зал, телестудия, кеңселер, кызматтык жайлар, дүкөндөр, музейлер жана техникалык бөлмөлөр бар.

Мечит жеке жарандар жана инвесторлордун каражатына курулганы белгиленди.

Буга чейин айымактагы эң чоң мечит деп Дүйшөмбү шаарындагы Борбордук мечит аталып келген.