Кыргыз окуучулары информатика боюнча Индонезияда өткөн эл аралык сынакта үч коло медаль утту

Кыргызстандык үч мектеп окуучусу Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Информатика боюнча 34-эл аралык олимпиадада үч коло медаль, ал эми бир окуучу ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайтында айтылат.

Билим берүү министрлигинен республика боюнча жыйынтыктоочу Олимпиададан төрт окуучу тандалып, алар Кыргызстандын намысын коргоо үчүн Индонезияга жиберилгенин билдиришти.

Алсак, Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккойонов жана Данияр Бейшекеев коло медаль тагынса, Талант Дыйканбаев ардак грамотасы менен сыйланган.

International Olympiad in Informatics (Информатика боюнча эл аралык олимпиада) — бул информатика боюнча жыл сайын өткөн ири олимпиада. Ага ар бир өлкөдөн төрттөн мыкты окуучу катышат. Быйыл аталган сынака 90 өлкөдөн 349 окуучу катышты.

Бул жылы Олимпиада 7-августтан 15-августка чейин Индонезиянын Жакарта шаарында өттү. Олимпиад окуучулардын информатика жана маалыматтык технологияларга кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.