Жетим-Тоону иштетүү: Активист Жекшеналиев «туура эмес маалымат таратканы» үчүн кармалды

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, активист Ырыс Жекшеналиев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул маалыматты «Клооптун» кабарчысына ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.

Алар активист 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча мурда айткан видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылганын билдиришти.

ИИМден билдиришкендей, соңку учурда аймакта Жетим-Тоо кенин иштетүүнүн айланасында ар кандай талаш-тартыштар жаралып, «белгилүү бир адамдар кенди иштетүүгө каршы чыгууга үндөп, соцтүйүндөрдө ар түрдүү маалыматтарды активдүү таратып жатат».

«“Полит Узниктин” баракчасына чыккан айрым маалыматтар кооптондурат, анткени айрым активисттер менен атайын адамдар карама-каршылыкты жараткан, такталбаган маадыматтарды таратып, жер-жерлерде кырдаалды курчутуп, коомдук пикирди бурмалоо кызыкчылыктары бар экени байкалууда», — деп билдирди ИИМден.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Активист 14-августта ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып келинген. Жекшеналиев кармалгандан кийин ага саясий мүнөздө кылмыш иши козголгонун жазган.

«Мен сынбайм ! Мен чыгам!» — деп жазган кайрылуусунда.

14-августта президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы барагы аркылуу Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин иштетүү тууралуу маалымат боюнча кайрылуу жасаган.

Жапаров «Жетим-Тоону коргогучтарга айлангандарды» элдин башын айлантканды токтотууга чакырган. Ал учурда кенди иштетейин деген эч ким жоктугун белгилеген. Бирок президент геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап коюга гана буйрук берилгенин кошумчалаган.