Кыргызстандын Хан-Теңири чокусуна Украинанын желеги желбиреди

Материал 19-августта саат 14:35те жаңыртылды


Кыргызстандын Хан-Теңири чокусуна Украинанын желеги желбиреди. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Сүрөт: Украинанын Кыргызстандагы элчилиги.

Анда элчилик Украинанын желегинин сүрөтүн жарыялап, аны Кыргызстандык альпинисттер орнотконун билдирген.

«Кыргызстандык альпинисттер тобу 7010 метр бийийктиктеги Хан-Теңири чокусуна Украинанын Мамлекеттик туусун орнотушту. Кыргызстандын эң бийик чокуларынын бирине Украинанын желегин орнотуу - Украинанын Мамлекеттик туу күнүнө карата символикалык окуя», — деп айтылган маалыматта.

Кийинчерээк Твиттер колдонуучуларынын бири желек орнотулбаганын, жөн гана көтөрүлгөнүн, ал эми тууну кармап сүрөткө тушкөн жаран Литванын жараны экенин жазган. Анын айтымында, чокуга чыккан альпинисттердин арасында кыргызстандыктар болгон эмес.

Андан кийин Украинанын элчилиги Фейсбуктагы билдирүүсүн өзгөрттү.

«Эл аралык альпинисттер тобу Хан-Теңири тоо чокусунда (7010 метр) Украинанын Мамлекеттик желегин желбиретишти», — деп өзгөртүлгөн билдирүү.

Украинанын Мамлекеттик туу күнү жыл сайын 23-августта белгиленет.

Үстүбүздөгү жылдын май айында альпинисттердин бири соцтүйүндөргө видео жарыялап, Кыргызстандын Ак-Суу капчыгайындагы Путин чокусуна белгисиз бирөөлөр Украинанын желегин коюп кеткенин билдирген.

Альпинист 25-майда милицияга суракка чакырылып, паспортунун сүрөтүн алып калышканын, ал эми өнөктөшүн суракка чакырышканын билдирген.

Көп өтпөй кыргыз альпинисттери Путин чокусундагы Украинанын желегин алып, ордуна Кыргызстандын желегин орнотушкан.