«Кыргызаэронавигациядан» үч жылда мыйзамсыз $1 млн ашык акча чыгарылган — Башкы прокуратура

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынан үч жылдын аралыгында 1 млн доллардан ашык каражат мыйзамсыз кечилген. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Көзөмөл органынан аталган факт боюнча «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Тергөөнүн версиясына ылайык, каражат жетишпей жатканы «Кыргызаэронавигациянын» түзүмүн кайрадан уюштуруу жана 2022-жылдын биринчи кварталы үчүн отчётту даярдоодо аныкталган.

«Ишкананын балансында 180 миң доллар алмашуу курсунун айырмасынан келип чыккан чыгым катары көрсөтүлгөнүн байкадык. Тергөөнүн версиясына ылайык, аталган акчалар банктын эсептен чыгарылган — кассалык дүмүрчөк аркылуу нак алышкан, ал эми ал ишкананын кассасына түшкөн эмес», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, ошентип 2019-жылы банктык эсептен 150 миң доллар, дагы 190 миң доллар ишкананын кассасы аркылуу чыгарылган

«2021-жылы 698 миң долларды курстук айырма катары кечишкен, 2022-жылдын январында дагы 180 миң доллар чыгарышкан», — дейт көзөмөл органы.